Жанылыктар

ОшМУнун орто кесиптик билим берүү программалары эл аралык көз карандысыз аккредитациядан өтүп жатат

Бүгүн 14-март күнү Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги ОшМУнун 12 орто кесиптик билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү үчүн комиссиянын төрагасы, доцент Сопубеков Нематилла Абдилахатович баштаган 12 адамдан турган эксперттик комиссия өз жумуштарын баштады.

Эксперттик комиссия материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүдө. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышышмакчы.

Белгилей кетсек, буга чейин 2012-жылы ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин экономика адистиги, 2015-жылы Медициналык колледждин акушердик иши жана сестралык иши адистиктери, 2017-жылы Финансы-юридикалык колледжинин негизги билим берүү программалары көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өтүшкөн.

3224 13:34 14-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|