Жанылыктар

ОшМУ менен Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университетинин ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду

Үстүбүздөгү жылдын 12-март күнү Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору Ибраев Алмаз Орозакунович баштаган делегация ОшМУда болушту. Келген коноктор ОшМУнун жетишкендиктери, билим берүү процессин уюштуруудагы өзгөчөлүктөрү менен таанышып, университеттин кампустарына саякат жасашты.

Байланышты бекемдөө аркылуу тажрыйба бөлүшүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, илимий-практикалык конференцияларды биргеликте өткөрүү жана конок лекцияларын уюштуруу, түрдүү долбоорлорго биргеликте катышуу максатында Чыгыш университети менен ОшМУнун ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга жана эки университеттин кафедраларынын ортосунда келишимдерге кол коюлду.

Келишимге кол коюу аземинде ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу университеттин эл аралык байланыштары боюнча аткарылып жаткан жигердүү иштерине токтолуп, “ачык университет” концепциясына ылайык, учурда 32 өлкөнүн 172 университети менен байланыш түзүлгөндүгүн белгиледи жана бул меморандум эки университеттин байланыштарын күчөтүп, билим сапатын көтөрүүгө жардам берет деген ниетин билдирди.

Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университети 1999-жылы түзүлгөн. Мында араб тили, журналистика, эл аралык мамилелер адистиктерине өзгөчө басым жасалат.

Жыйындын соңунда студенттер менен кызматташуу механизмдерин ишке ашыруу маселелери талкууланып, маектешүү уюштурулду.

Иш-чаранын соңунда эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов көпчүлүктүн катышуусунда ачык-айкын өткөн бүгүнкү иш-чара факультеттин студенттери үчүн чоң практикалык мааниге ээ болгондугун белгиледи.

3264 09:07 13-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|