Жанылыктар

Ички мобилдүүлүк боюнча өлкө аймактарынан келген студенттер ректордун кабыл алуусунда болушту

6-март күнү ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков 2017-2018-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгына карата ички академиялык мобилдүүлүк боюнча ОшМУга келген студенттер менен жолугуп, пикир алышты.

Жолугушууда окуу жай жетекчиси академиялык мобилдүүлүк боюнча жасалып жаткан иштер жана мындан арткы максаттар менен ой бөлүшүп, акыл – эси сергек, билимге ынтызар студенттердин окууларына ийгилик каалаады.

Ошондой эле академиялык мобилдүүлүктүн артыкчылыктарына токтолуп, башка ЖОЖдордон мобилдүүлүктөн өтүү чоң артыкчылык берерине токтолуп, ал окуу жайдын жакшы жактарын үйрөнүүгө, тажрыйба арттырууга, жаңы досторду табууга чакырды.

“Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетине борбор калаанын ЖОЖдорунан, “Ош декларциясы” жана эки тараптуу келишимдин алкагында жалпысынан 34 студент (Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен – 2, Кыргыз-Орус “Славян” университетинен – 3, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинен – 2, ЫМУдан– 2, НаМУдан– 3, БатМУ– 7, ЖаМУдан– 9, ТалМУдан– 2 жана ОГПИден – 4 студент) 1 семестр бою окуусун ОшМУдан улантышмакчы. Академиялык мобилдүүлүк ички карым – катышты чыңдоо жаңы идея, жаңы максаттардын пайда болушуна өбөлгө түзөт”, – деди ОшМУнун эл аралык мамилелер бөлүмүнүн жетекчиси Семетей Амиралиев.

2960 16:22 07-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|