Жанылыктар

Айымдардын майрамынын урматына, майрамдык концерт тартууланды

Ош мамлекеттик университетинин ректоратынын мырзалар жамааты Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрында 6-март күнү университеттин жалпы айымдар жамаатына майрамдык кече тартуулашты.

Кечеге келген конокторду ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков башында турган ректораттын мырзалары Бабур театрынын фойесинде жандуу музыканын коштоосунда тосуп алып, шириндиктерден даам сыздырып, каалоолорун айтып тосуп алышты.

Ошондой эле жалпы айымдар жамаатынын урматына ОшМУнун таланаттуу бүтүрүүчүлөрү тарабынан концерттик программа тартууланды. Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестринин солисттери Нурзат Айдаркулова, Марсиана Дарманбекова тарабынан фольклордук, эстрадалык ырлар ырдалып, майрам ээлеринин маанайын көтөрүп, кубаныч тартуулады. Ал эми К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билимин улантып жаткан Нуртилек Абдигапаров дүйнөлүк классикалык чыгармаларды аткарды. Концерттин алып баруучусу Нурлан Райимбек уулу болду.

Концерттин жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков университеттин профессорлук-окутуучулук жамаатынын, студенттер жамаатынын басымдуу бөлүгүн түзгөн эжекелерибизге, студент кыздарыбызга жагымдуу маанай тартуулоону максат кылып алганбыз деп баардык аялзатын майрам менен куттуктап, ОшМУнун өсүп-өнүшүнө өз салымдарын кошуп, студенттерге татыктуу билим, тарбия берип жаткан айымдарга университеттин Ардак грамотасын, акчалай сыйлыктарын тапшырды.

3517 19:01 06-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|