Жанылыктар

Ата Мекенди коргоочулар күнүндө бильярд боюнча биринчилик өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюму тарабынан 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата окуу жайдын окутуучу, кызматкер агайларынын ортосунда бильярд боюнча мелдеш уюштурулду.

Мелдешке университеттин бардык структураларынан суурулуп чыккан 26 оюнчу катышышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Медициналык колледждин окутуучусу Элдияр Сартманбетов, 2- орунду Математика жана информациялык технологиялар факультетинин окутуучусу Шермамат Оморов, 3- орунду Педагогика жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Ырысмамат Райимбердиев жана «Билим» лицейинин окутуучусу Кубанычбек уулу Нурсултан ээлешти.

Жеңүүчүлөр профсоюз уюму тарабынан диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына, атайын түшкү тамак уюштурулуп, эстелик үчүн белектер берилди.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, спортту сүйүүгө үндөө, майрамдык маанай тартуулоо максатында жыл сайын ОшМУнун кесиптик кошуну тарабынан уюштурулуп келет.

2841 09:20 24-02-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|