Аялдар кеңешинин жалпы курамы майрамга карата университетте эмгектенген ректорат жамаатын, ошондой эле бардык факультет, колледждерде эмгектенген агайларды жеринде куттуктап, куттуктоо барактарын таркатышып, патриоттук ырлардан көркөм окушуп, шириндиктерди тартуулашты.
“Биз бүгүн университетте эмгектенген жалпы аялдардын атынан агайларды куттуктап, аз да болсо маанайларын көтөрүп, жылуу сөзүбүздү арнадык” ,-деди иш чаранын уюштуруучусу, Аялдар кеңешинин төрайымы Гүлнара Сейитказыева.
Эске сала кетсек, Аялдар кеңеши жыл сайын жаңы изденүү менен жаңыча форматтагы түрдүү иш чараларды уюштурушуп келишет.