Жанылыктар

Сырткы жана ички мобилдүүлүк программасынан өтүп келген 256 студент менен ректордун жолугушуусу өттү

Бүгүн, 19-февраль күнү ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков 2017-2018-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгына карата сырткы жана ички академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттер жана магистранттар менен жолугуп, пикир алышты.

Жолугушууда окуу жай жетекчиси учурда дүйнө жүзүндө билим берүү тармагындагы эң негизги артыкчылыктардын бири болуп саналган академиялык мобилдүүлүк өнүгүп, билим берүү жуурулушуп жаткан учурда Ош мамлекеттик университети да бул багытта алгылыктуу аракеттерди көрүп жаткандыгын айтты. Башкача айтканда университет күн сайын алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөгү алдыңкы жогорку окуу жайлар менен байланышып, эки тараптуу келишимдерди түзүп, меморандумдарга кол коюп, анын үстүндө талыкпай иштер жүрүп жаткандыгына токтолду жана учурда ОшМУ 30га жакын чет өлкөлөрдүн 170ден ашуун университеттери менен академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташып келе жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле академиялык мобилдүүлүктүн артыкчылыктарына токтолуп, учурда биздин студенттер башка ЖОЖдордон мобилдүүлүктөн өтүү менен ал окуу жайдын жакшы жактарын үйрөнүп, кемчиликтерибиз болсо аны жоюуга салым кошуп жаткандыктарын айтты. Жолугушууга катышып жаткан мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттердин таасирлери боюнча китепче чыгаруу демилгесин көтөрдү.

2017-2018-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгына карата сырткы жана ички академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттер, магистранттар билим алуу учурунда алган таасирлери боюнча ой-бөлүшүштү.

Жолугушууга сырткы мобилдүүлүк багытында эки тараптуу келишимдерге ылайык студенттер Япония, Кытай, Түштүк Корея, Чехия, Иран, Испания, Түркия, Казакстан өлкөлөрүндөгү ЖОЖдордон жана, ички мобилдүүлүк багытында Бишкек гуманитардык университетине, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетине, Кыргыз-түрк “Манас” университетинде, “Ош декларациясы” боюнча бир топ университететтерде билим алып келген 256 студент, магистранттар катышты.

4019 18:23 19-02-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|