Жанылыктар

ОшМУнун 4 студенти Испаниянын Кадис университетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүшөт

19-февраль күнү ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков Испаниянын Кадис университетине академиялык мобилдүүлүктөн өтүү үчүн жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту.

Жолугушууда ректор акыркы учурда ОшМУда тышкы жана ички академиялык мобилдүүлүктүн кулачы кеңейип, жакшы жолго коюлуп, системалуу иш жүзүнө ашып жаткандыгына токтолду жана студенттерге кең дүйнөдө билим жолун улоого өзгөчө шарттар түзүлүп, түрдүү программалар, долбоорлор аркылуу билим алмашууга мүмкүнчүлүктөр арбын экендигин белгиледи.

Испанияга окууга аттанып жаткан университеттин эл аралык мамилелер факультетинин 3-курсунун студенти Осмонова Айтолкун, медицина факультетинин 3-курсунун студенти Ысмаилова Венера, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 2-курсунун студенти Жылдызбекова Акылай дана физика-техника факультетинен 2-курсунун студенти Талантбек уулу Кыдырбек атайын конкурстун негизинде тандалып алынгандыгын айткан ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев бул конкурста тандоо адилеттүү болгонун билдирди.

Жолугушуунун алкагында окуу жай жетекчиси билим сапарына аттанып жаткан студенттерге ак жол, окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле чет өлкөдө өздөрүн жакшы алып жүрүү менен ОшМУнун, Кыргызстандын атын жакшы жактардан көрсөтүп келүүгө салым кошуусун белгиледи.

Эске салсак, ОшМУ Испаниянын Кадис университети менен Эразмус+ программасындагы эл аралык кредиттик мобилдүүлүк багытында 3 жылдан бери кызматташып келет. Бул программанын алкагында ОшМУнун 10го жакын студенти билим алып келишсе, бир нече окутуучулар тажрыйба бөлүшүп келишкен.

3970 16:08 19-02-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|