Жанылыктар

Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата акыл таймашы уюштурулду

Бүгүн 15-февраль күнү улуу жазучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тарбия департаменти жана студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган «Айтматов ааламы» аталышындагы акыл таймашы болуп өттү.

Жалпысынан ар бир факультеттен тандалып алынган 20 катышуучу, Ч.Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм тасмаларга байланыштуу суроолор боюнча таймашышты.

Жыйынтыгында, баш байгени Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 1-курсунун студентти Асылбек кызы Гулиза жеңип алды. Биринчи орунду “Билим” лицейинин 11-классынын окуучусу Жээнбеков Эрлан, экинчи орунду Физика-техника факультети 2- курсунун студентти Ражапов Замирбек, үчүнчү орунду Табият таануу жана география факультеттеринин 2-курсунун студентти Муса кызы Айпери багындырды. Жеңүүчүлөр диплом жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 12-декабрында КРнын Эл жазуучусу, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин Лениндик жана мамлекеттик сыйлыктарынын, КРнын мамлекеттик сыйлыктарынын, чет элдик сыйлыктардын бир нече жолку лауреаты, СССР Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты болгон Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө 90 жыл толот. Ага карата ОшМУда жыл бою ар түрдүү иш-чаралар өтмөкчү.

4832 18:40 15-02-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|