Жанылыктар

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгы студенттер менен жолугушту

Бүгүн,14-февраль күнү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү боюнча катчылыгынын координаторлору Союзбек Надырбеков, Таалай Бердиев жана Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Махабат Тилегенова Ош мамлекеттик университетинде болушуп, университетте билим алып жаткан студенттер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ушул жылдын күз айында болуучу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү тартиби, өзгөчөлүктөрү, жаңылыктары боюнча ой бөлүшүштү. Ошондой эле студенттерди III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө ыктыярчы (волонтер) болуп, мындай жогорку денгээлде өтүүчү иш чарада ар тараптан жардам көрсөтүп, иштешүүгө чакырышты. Ыктыярчыларды кабыл алуудагы негизги талаптар жөнүндө маалымат беришти. Студенттердин көпчүлүгү ыктыярчы катары кызмат көрсөтүүгө кызыктар экендиктерин айтышты.

Эске салсак, 2016-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ОшМУнун чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинин 14 студенти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде ыктыярчы котормочулар катары жардам көрсөтүшкөн.

3352 17:43 14-02-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|