Иш сапардын алкагында делегация АнММИнин Окумуштуулар Кеңешинин курамы менен жолугушуп, ректоратынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Делегация АнММИнин билим берүү структурасы менен таанышып, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктар боюнча сүйлөшүштү жана илимий-изилдөө багытындагы негизги приоритеттер макулдашылды.
Ошондой эле эки университеттин ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдердин негизинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында алгачкылардан болуп билим алуучу студенттердин тизмеси макулдашылды. Келишимге ылайык 2018-жылдын май айында биргелешкен илимий конференция жана студенттик олимпиада өткөрүү иши талкууланды. Эки тарап тең Фергана өрөөнүндө таңкыс болуп жаткан медициналык инженерия адистигин өнүктүрүү багытына өзгөчө көңүл бурушту.
Белгилүү болгондой ушул семестрден тартып эки тараптан тең бир нече дисциплиналар боюнча окумуштуулардын конок лекциялары практикаланып баштайт.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 22-январында Андижан мамлекеттик медициналык институтунун ректору, профессор Мадамин Мадазимов жетектеген делегация ОшМУга келишкен, анда эки тараптуу кызматташтыктар боюнча меморандумга кол коюлган болчу.