Жанылыктар

Окуу жай менен өндүрүштүн байланышын чыңдаган конференция болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин өндүрүштөр менен байланыштар департаменти тарабынан 8-февраль күнү “Практикаларды кесипке багыттоодо аны уюштуруп өткөрүүдөгү программалардын абалы жана анын негизги билим берүү программасындагы компетенцияларды калыптандырууда окуу жай менен өндүрүштүн байланышы” аттуу конференцияга болуп өттү.

Конференцияга университтетин профессордук-окутуучулук курамы, 162 аймактан келген өндүрүш мекеме-уюмдарынын жетекчилери, өкүлдөрү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө окуу-таанышуу, өндүрүштүк, квалификациялык практика боюнча факультеттердин практика жетекчилери тарабынан презентациялар жасалды. Ошондой эле студенттердин теориялык билимин окуу-таанышуу, өндүрүштүк, дипломго чейинки квалификациялык практикаларында айкалыштыруусун жана кесипкөй адис катары кесиптик компетенцияга калыптандыруу боюнча пикир алмашуу, талкуулар жүрдү.

Конференцияда практиканы уюштуруп өткөрүүдө университеттин студенттерин практикада кесиптик компетенцияга калыптандырууда өнөктөштөр катары иш алып барып жаткан бир топ мекеме – ишканалардын өкүлдөрү, факультет, колледждердин практика жетекчилери ОшМУнун ардак грамотасы менен сыйланышты.

Жыйынтыгында конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынды.

3213 10:37 09-02-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|