Жанылыктар

Курулуш иши жүрүп жаткан искусство факультетинин алдына арча көчөттөрү отургузулду

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин курулуп жаткан жаңы окуу имаратынын алдына алгачкы арча көчөттөрү отургузулду. Келечекте искусство факультетин шаардагы жашыл, көрктүү, ак жолтой имараттардан болуусун тилек кылган ОшМУнун ректору Каныбек Исаков проректорлор менен биргеликте имараттын айланасына арча көчөттөрүн эгишти.

Белгилей кетсек, курулуш иши аяктап калган 5 кабаттан турган имарат жаңы типтеги, азыркы заман талабына жооп берген уникалдуу архитектуралык имарат болуп, сырткы бөлүгүнө кыргыздын комузунун силуэти түшүрүлөт. Комуздан кыргыздын күүлөрү жаңырып, кечкисин жарыктандырылат жана анын жанына музыкалык ачкыч орун алат. Айланасы кооз аллеяга айланат. Окуу имарат 2018-жылы пайдаланууга берилет.

2753 10:27 24-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|