Жанылыктар

ОшМУ менен АнММИнин ортосунда кызматташтыктар боюнча келишимдерге кол коюлду

Ош мамлекеттик университетине 22-январь күнү Андижан мамлекеттик медициналык институтунун ректору, м.и.д., профессор Мадамин Мадазимов, институттун окуу иштери боюнча проректору, м.и.д., профессор Иброхим Алимджанов, эл аралык байланыштар боюнча проректору Камолиддин Салахиддинов, квалификацияны жогорулатуу жана кадрды кайра даярдоо факультетинин деканы Хатам Турсуновдор атайын иш сапары менен келишти.

Иш сапардын алкагында делегация ОшМУнун ректору Каныбек Исаков баштаган университеттин ректоратынын өкүлдөрү, факультеттин жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуп, пикир алышты. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында медицина тармагында өз ара кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, студент, ординат, докторанттарды академиялык мобилдүүлүк багытында алмашуу, окутуучулардын, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрүн жүргүзүү, илимий конференцияларды, стажировкаларды уюштуруу, студенттик фестивалдарды, спорттук иш чараларды өткөрүү боюнча сүйлөшүшүп, эки тараптуу келишимдерге кол коюшту.

Ошондой эле жакынкы аралыкта, башкача айтканда кышкы семестрде студенттерди, окутуучуларды алмашып окутуу, тажрыйба бөлүшүү, биргелешкен конференция уюштуруу иштери турмушка аша турган болду.

Сапардын алкагында делегация ОшМУнун Ак-Буура кампусундагы университеттин медициналык клиникасынын заманбап инфраструктурасы, виртуалдык лабораториясы, билим экспортун жасап жаткан эл аралык медицина факультети, медицина факультети, стоматологиялык клиникасы менен таанышып, заманбап инфраструктурада сапаттуу билим алууга болгон шарттарга жогорку баасын беришти. Ошондой эле университеттин Кыргыз-Кытай факультети, университеттеги электрондук башкаруу системасы, Дата-центр, Илимий китепкана, IT академиясынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты.

Белгилей кетсек, 1955-жылдан тартып медицина тармагында билим берип келе жаткан Андижан мамлекеттик медициналык институтунда учурда 6 багыт боюнча 3000ден ашуун студент билим алышат.

4545 11:12 23-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|