Жанылыктар

Академиялык мобилдүүлүктүн мейкиндиги кеңейүүдө

“Ош декларциясы” жана эки тараптуу келишиминин алкагында борбор калаанын ЖОЖдоруна аттанып жаткан студенттер бүгүн 19 – январь күнү ректордун кабыл алуусунда болушту.

Жолугушууда ОшМУнун ректору Каныбек Исаков академиялык мобилдүүлүк боюнча жасалып жаткан иштер жана мындан арткы максаттар менен ой бөлүшүп акыл – эси сергек, билимге ынтызар студенттерге ак жол, окууларына ийгилик каалаады.

“Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетинен борбор калаанын ЖОЖдоруна жалпысынан 64 студент (АУЦАга – 3, БГУга – 5, КГМга -19, КГУСТАга -3, КНУга – 5, КЭУга -4, КРСУга – 8, И. Арабаев университетине -11, Кыргыз –Түрк “Манас” университетине -6 ) 1 семестр бою окуусун улантууга даярданууда. Андан сырткары ОшМУга “Ош декларациясы” боюнча 30 студенттин келиши күтүлүүдө. Академиялык мобилдүүлүк ички карым –катышты чыңдоо жаңы идея, жаңы максаттардын пайда болушуна өбөлгө түзөт”, – деди ОшМУнун эл аралык мамилелер бөлүмүнүн жетекчиси Семетей Амиралиев.

Белгилей кетсек, ОшМУнун 35 студенти Казахстандагы “Эл аралык кышкы мектеп-2018” долбооруна катышат. Ошондой эле жакынкы аралыкта Казакстандын “Нархоз”, “Акдеңиз”, “Тараз” университетине 33 студент академиялык мобилдүүлүктүн алкагында билимин улантууга барышат.

3756 19:14 19-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|