Жанылыктар

Акыркы үлгүдөгү видеокамералар алынды

ОшМУнун “Үмүт” телестудиясы жана Киноакадемиясынын техникалык базасын чыңдоо жана кесипкөй ишмердүүлүгүн артыруу максатында CANON FX 105 жана CANON HFG 30 акыркы үлгүдөгү видеокамералар алынды.

Видеокамераларды тапшырып жатып өз сөзүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков демилгелүү жаштарды ар тараптан колдоорун белгиледи. Ошондой эле телестудияда эмгектенип жаткан чыгармачыл жаштар жана Киноакадемияда билим алып жаткан таланттуу студенттер тарабынан мыкты көрсөтүүлөр, социалдык роликтер, документалдуу жана көркөм тасмалар жарык көрөрүнө ишеним артарын билдирип, ийгилик каалады.

2990 17:40 19-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|