Жанылыктар

“Мектепте эмгектенип жаткан музыка мугалимдеринин адистик даярдыгы жана билим берүү натыйжалары” деген темада семинар болуп өттү

2018 – жыл « Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата, жогорку окуу жайлар менен мектептердин ортосундагы байланышты күчөтүү максатында ОшМУнун “Искусство” факультетинде “Мектепте эмгектенип жаткан музыка мугалимдеринин адистик даярдыгы жана билим берүү натыйжалары” деген темада семинар болуп өттү. Иш – чарага кафедра окутуучулары, шаардагы мектептердин мугалимдери, музыкалык ийримдердин, бала бакчалардын жетекчилери, магистранттар жана бүтүрүүчү курстар катышты.

Семинарды ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу ачып көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун, сунуштарын айтып заман талабына ылайык педагогторду тарбиялоо негизги максат экенин белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө учурдагы мугалимдердин мектептеги орду, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу, “стейкхолдерлер” менен байланышты уюштуруу, музыка сабагынын көйгөйлүү маселеринин чечүү жолдору талкууланды жана катышуучулар ой- пикирлерин билдирүү менен кызыктырган суроолорун беришип тиешелүү жоопторду алышты.

2821 15:54 18-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|