Жанылыктар

ОшМУда окутуучулар ортосундагы спартакиада жыйынтыкталды

Кышкы эс алуу убагында Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун 4 түрү боюнча аялдар жана эркектер арасында спорттук мелдештер уюштурулду. Волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын факультеттеринен, колледждеринен, лицейлеринен жалпы 20 команда катышышты.

Аталган спорттук мелдеш 11-январь күнү башталып, 13-январь күнү жыйынтыкталды. Жыйынтыгында командалык эсепте 1–орунду Педагогика жана дене тарбия факультетинин жалпы командасы, 2-орунду Бизнес жана менеджмент факультети, 3-орунду Медициналык колледжинин командасы ээлешти. Мелдештин жеңүүчүлөрү ректорат жана профсоюз уюму тарабынан баалуу белектер, дипломдор менен сыйланышат. Ошондой эле мыкты оюн көрсөткөн спортчуларга да сыйлыктар ыйгарылат.

2660 09:44 18-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|