Жанылыктар

Январь айы үчүн тренингдердин тизмеси

Ош мамлекеттик университетинде окутуучулар, кызматкерлер үчүн январь айына пландаштырылган бир топ семинарлар башталды.

16-19-январь күндөрү окуу-маалымат департаменти тарабынан ОшМУнун окутуучулары жана кызматкерлери үчүн “ОшМУнун санариптик билим берүү чөйрөсүн колдонуу менен сапаттуу билим алуу жана билим берүүнү уюштуруу” деген темада тренинг уюштурулат.

Тренингдин негизги максаты ОшМУнун окутуучу жана кызматкерлери үчүн университеттеги автоматташтырылган маалыматтык системалары менен иштөөнү үйрөтүү болуп саналат.

Семинардын катышуучулары санариптик билим берүү чөйрө жана ОшМУнун электрондук башкаруу системасы, ошМУнун маалыматтык-коммуникациялык системасын пайдалануу, ОшМУнун расмий сайтын пайдалануу жана ага маалыматтарды жайгаштыруу, AVN ИСтин программалары менен иштөө жана отчетторду колдонуу, сырттан окуу бөлүмдүн, магистратуранын жана күндүзгү бөлүмдүн студенттерине дистанттык технологияларды, заманбап мультимедиялык каражаттарды колдонуу менен сабак өтүүнү жана тестирлөөнү уюштуруу сыяктуу маалыматтарга ээ болушат жана ушул эле темада семинар өтүүнү үйрөнүшөт.

Ал эми 24-26-январь күндөрү окуу-информациялык департаменти жана эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан “Аймактар аралык мобилдүүлүкө жол салуу жана анын шайкештигин, сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо (PAWER)” долбоорунун алкагында “Кредиттерди жана бааларды которуу жана таануу. Академиялык мобилдүүлүктү колдоо” деген темадагы тренинг уюштурулат.

Тренингде катышуучулар PAWER долбоорунун максаты, милдеттери жана өнөктөш-уюмдар, Болон квалификациялар рамкасы, Европалык кредит которуу жана топтоо системасы, окутуунун натыйжаларын иштеп чыгуу, мобилдүүлүк келишимдери, мобилдүүлүктү колдоо,кредиттерди которуу демонстрациясы, бааларды которуу демонстрациясы жана практикалык семинар, мобилдүүлүк жөнүндө жалпы саясатты жана процедураларды иштеп чыгуу боюнча практикалык семинарлар боюнча тренерлердин маалыматтарына ээ болушат.

3058 12:42 15-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|