Жанылыктар

Эразмус+ программасынын алкагында долбоор жазууга багытталган семинар-тренинг уюштурулууда

Ош мамлекеттик университетинде 11-12-январь күндөрүнө пландаштырылган Эразмус+ программасынын алкагында долбоор жазуу боюнча семинар-тренинг уюштурулууда.

Аталган семинар-тренинг Эразмус+ программасынын улуттук эксперттери Айгүл Нуралиева, Эрмек Байбагышовтор тарабынан өтүлүп, семинарга бардык факультеттерден долбоорлор менен ийгиликтүү иштеп келе жаткан окутуучулар жана каалоочулар катышууда.

“Долбоор жазуунун жолдорун үйрөтүү, көйгөйлөрдү жана кызыктар тараптарды аныктоо сыяктуу маселерди өз ичине камтыган семинар-тренинг катышуучулардын кызыгуусу менен өтүлүүдө. ОшМУда мындай Эразмус+ программасынын алкагындагы долбоорлорго кирүү, долбоор жазуудагы жаңы ыкмаларды өздөштүрүү багытында семинар-тренинг экинчи ирет уюштурулуп жатат”,-деди эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.Амиралиев.

589 15:21 12-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|