Жанылыктар

Спорт – достук, биримдик, ынтымак

Ош мамлекеттик университетинде окутуучулар арасында спорттук мелдеш старт алды. Бул туурасында «Жаштык» спорт клубунун төрайымы Ибадат Сулайманова маалымдады: «Коллективдин, биримдигин чыңдоо жана ынтымагын мындан ары арттыруу максатында уюштурулуп жаткан иш – чарабыз жакшы маанайда уланып жатат. Жалпысынан факультеттерден 17 команда катышып спорттун 4 түрү: волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол оюндары боюнча агайлар, эжекелер командасы күч сынашмакчы. Ректорат тарабынан 1 – орунга 5 миң, 2- орунга 3 миң, 3 – орунга 2 миң ошондой эле кесиптик кошуун тарабынан мыкты оюнчуга 1000 сом акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылмакчы.”

Аталган иш - чара жамаат ичинде патриоттук духту, биримдикти чыңдоого өбөлгө түзөт.

3721 18:25 11-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|