Майрамдык кечелер университеттин №1, №2, №3, №4а , №4б, №6 жана Конфуций институтунун жатаканаларында улантылды. Кечеге жатаканада жашаган студенттер менен факультеттердин декандары, декандын орун басарлары, окутуучулар, жатакана кызматкерлери да катышып, ыр ырдап, бийлеп жагымдуу маанайда тосуп алышты. Ар бир жатаканада майрамдык кече шаң менен коштолду. Майрамдык кечелерде кызыктуу конкурстар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө майрамдык белектер ыйгарылды.
Студенттерди 2018-жаңы жыл менен куттуктаган ОшМУнун окуу иштери боюнча проректор Расул Абазбек уулу, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Түмөнбай Колдошов ректордун жана жеке өздөрүнүн атынан куттуктоолорун жолдоп, 2017-жыл университет үчүн ийгиликтүү, жемиштүү жылдардан болгондугун, кирип келе жаткан жаңы жыл да ОшМУ үчүн өнүгүп-өсүүнүн жылы болоорун белгилеп, ар биринин тилек, максаттары орундалуусун каалашты.
Жаңы жыл алдында жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан сынактар жыйынтыкталып, «Жылдын мыкты бөлмөсү», «Жылдын жасалгалуу бөлмөсү», “Жылдын мыкты старостасы” номинациясынын ээлерине да үй-тиричилигине керектелүүчү каражаттар, үлгүлүү студенттерге дипломдор, белектер тапшырылды.