Жанылыктар

Казакстандын Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов ОшМУда конок лекция окуду

21-декабрда Ош мамлекеттик университетинде Казакстандын Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Дүйшөн Шаматов "Билим алууда чет тилдерди билүүнүн артыкчылыктары жана эмне үчүн анлис тилин баарыбыз үйрөнүүбүз керек?" деген темада лекция окуду.

Конок лекцияга ОшМУнун магистранттары, студенттери жалпы эле чет өлкөлөрдө билимин жогорулатууну максат кылган жаштар катышышты. Лекция угуучуларга кызыктуу болуп, алар чет тилдерин үйрөнүүнүн артыкчылыктары, дүйнөлөшүү доорунда тилдерди үйрөнүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөр, бир нече тил билген адамга көптөгөн ийшгиликке жетелеген эшиктердин ачылышы боюнча маалыматтар айтылды. Өз кезегинде угуучулар лекторго ыраазычылыктарын айтышып, ийгиликтүү профессордун ийгилик сырларына күбө болушту.

Белгилей кетсек, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Дүйшөн Шаматов ушул жылдын июнь айында ОшМУда "Кыргызстандагы ЖОЖдордо эффективдүү окутуунун стратегиялары" деген темада конок лекция окуп кеткен.

3838 09:49 22-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|