Кеченин формасы сынак иретинде болуп, 5 команда жарышты. Кечеде жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр коюлуп, автордук ырлар окулуп, обондуу ырлар жаңырды.
Кеченин соңунда окуу жайдын жетекчиси Г.Эркулова катышкандарга ийгилик каалап, сыйлыктарды тапшырды. Бул кечеге Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер жана орус филологиясы факультети бир команда болуп катышты. Кечеде ОшМУнун мамлекеттик тил кафедрасы Ардак грамота менен сыйланып, окутуучулар Б.Байтиковага , Н. Темировага ыраазычылык билдирилди.
Булак: //bilim.akipress.org/kg/news:336830/?from=bilim&place=main-last