Жанылыктар

ОшМУда Британия кеңешинин Researcher Connect аттуу долбоорунун 3 күндүк тренинги башталды

Ош мамлекеттик университетинде Британия кеңешинин Researcher Connect аттуу долбоорунун ЖОЖдордо илимий изилдөөчүлөр үчүн 3 күндүк тренинги бүгүн, 7-декабрда башталды.

Тренинге Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жогорку окуу жайларынан келген окутуучулар катышууда.

Тренингдин негизги максаты илимий изилдөөчүлөрдүн академиялык жазуусун (тезис, макала, официалдуу кат) жана ар кандай аудиторияларда интерактивдик иш аракеттерди алып баруусун күчөтүү болуп саналат.

Тренинг ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультетинин деканы С.Калыгулова тарабынан демилгеленип, факультеттин окутуучулары тарабынан уюштурулууда.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Британия кеңеши ЖОЖдордо илимий изилдөөчүлөр үчүн тренинг өткөрүү боюнча Researcher Connect атту проектке конкурс жарыялаган. Конкурска талапкер болгон бир нече ЖОЖдордун арасынан Орто Азиядагы Америка университети жана Ош мамлекеттик университети тандалып алынды.

3026 15:29 07-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|