Жанылыктар

ОшМУнун медицина факультетинин жамааты “Наристе” балдардын күндүзгү борборуна материалдык жардам көрсөттү

3-декабрь Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды коргоонун эл аралык күнүндө Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы А. Исмаилов жана декандын тарбия иштери боюнча орун басары А. Сатаров “Алтын мезгил” коомдук фондуна караштуу Ош шаарындагы “Наристе” балдардын күндүзгү борборунда болушуп, жетекчилиги менен жолугуп, борбордо тарбияланып жаткан балдардан кабар алышты.

Ошондой эле медицина факультетинин жамаатынын атынан борбордун жетекчиси Х.Арзыевага 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө борборго керектелүүчү акчалай жардам жана 3000 (үч миң) сом акча каражатына ылайык балдар ойноочу жумшак оюнчуктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, “Наристе” балдардын күндүзгү борбору университетке атайын кат менен кайрылышкан. Борбор 7 жылдан бери иш жүргүзүү менен 5 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүшкөн.

3633 14:39 05-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|