Жанылыктар

ОшМУда «Бирдиктүү терезе» долбоору ишке кирди

“Бирдиктүү терезе” долбоору бүтүрүүчүлөрүбүздүн диплом алуу процессин жеңилдетип, убактысын үнөмдөөсүнө шарт түзөт. Анткени буга чейин диплом алууга өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген бүтүрүүчүлөр 10 пунктту камтыган айланма баракчаны толтуруу менен биринчиден көп убактысын коротушса, экинчиден бюрократиялык мамилелерге туш болгондуктары маалым болуп келген.

Бул көйгөйлөрдүн алдын-алуу үчүн университеттин жетекчилиги “Бирдиктүү терезе” долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын белгилеп, долбоордун үстүндө 18 мүчөнү камтыган комиссия иш алып барды.

Буга чейин айланма баракчада 10 структура: келишимдик акы боюнча декандын орун басары, жатакананын коменданты, кадрлар башкармалыгы, ОшМУнун паспорт столу, китепти сактоо бөлүмү, факультеттин китепканасы, маркетолог, аудитор, карьера борбору, аскер комиссариаты камтылган. Ал эми долбоорго ылайык диплом алууга келген бүтүрүүчү “Бирдиктүү терезеге” өздүгүн тастыктаган документти көрсөтөт. Кызматкер бүтүрүүчүнүн документине ылайык университеттин AVN информациялык системасынын базасынан жана 1С программасынан анын карыз же карыз эместигин текшерүүдөн өткөрөт. Бул текшерүүлөр жүрүп жаткан учурда бүтүрүүчү карьера борборунун анкетасын (кайсы жерге окуусун улантуу үчүн кетип жатат, же кайсыл жерге жумушка жайгашты) толтурат. Эгер документ алып жаткан бүтүрүүчүнүн документтеринен көйгөйү жок жолуп чыкса дароо карызы жоктугун тастыктаган маалымат кагазына ээ болот. Ошентип маалымат кагазын алуу менен дипломун тез арада алып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эгер документтеринен көйлөр пайда болсо тиешелүү структурага жөнөтүлөт.

“Ош мамлекеттик университети толук электрондук башкарууга өткөн, ачык университет. Бирок заман агымына жараша элге ыкчам, ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнүн жолдору пайда болууда. Биз университет катары коомго пайдалуу иштерди жасашыбыз керек, бул долбоор аркылуу биз адамдардын убактысын үнөмдөп, бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салдык. Келечекте бул долбоор аркылуу дагы бир нече документтерди берүү жактары да атайын адистер тарабынан даярдалууда”, -деди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков.

Долбоордун ачылуу аземине катышкан университеттин жамааты “Бирдиктүү терезе” долбоорунун ишке ашышы замандын талабына ылайык туура чечим экендигин белгилешти.

6679 15:31 01-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|