Жанылыктар

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери стейкхолдерлер менен жолугуп, пикир алышты

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин америка жана котормо таануу кафедрасынын окутуучусу Эрнест Танабаевдин демилгеси менен уюштурулган конференция өткөрүлдү. Конференциянын максаты стейкхолдерлер менен котормочу студенттер арасында диалог уюштурулду. Конференцияга Германия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы, элчинин жардамчысы Вольфганг Ханс Эмингер, Ош шаарынын дестинациясынын аткаруучу директору Б.Саламатов, Ош шаарынын “Классик” мейманканасынын негиздөөчүсү жана башкаруучусу А. Ажимаматов конок катары катышышты.

Диалог түрүндө уюштурулган конференцияда студенттер кызыккан суроолорун берип, коноктордун тиешелүү жоопторду алышты. Конференция 3 тилде англис, орусча жана кыргыз тилдеринде алып барылды. Элчинин жардамчысы В.Х.Эмингер студенттер менен академиялык жана карьералык жетишкендиктери тууралуу ой бөлүштү.

“Классик” мейманканасынын негиздөөчүсү жана башкаруучу Азизбек Ажимаматов, Ош дестинациясынын аткаруучу директору Бексултан Саламатовдор өздөрүнүн ийгиликке жетүү жолдорк тууралуу баяндап өтүштү.

Стейкхолдерлер котормочуларга эмгек рыногунда талап көптүгүн баса белгилешти жана студенттерге жакшы кеп кенештерди, сунуштарды беришти.

2697 15:57 24-11-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|