Жанылыктар

17-ноябрь-студенттердин эл аралык күнүнө арналган салтанатта жылдын мыкты студенттери сыйланды

Ош мамлекеттик университетинин тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан Ош улуттук драма театрында 17-ноябрь –студенттердин эл аралык күнүнө карата “Студенттик шайыр тапкычтар клубунун” финалдык беттеши жана “Жылдын мыктылары-2017” ОшМУнун алдыңкы студенттерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Студенттердин эл аралык күнүнө карата “Жылдын мыктылары-2017” ОшМУнун алдыңкы студенттерин сыйлоо аземинде ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков студенттерди куттуктады. Ошондой эле жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 20 студентке ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиаты деген сертификаттарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырып, ОшМУда жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерин стимулдаштыруучу конкурсунун жеңүүчүлөрүн жана КРнын Президентинин стипендиаттарын сыйлады.

Анда дүйнөлүк жана эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип, элибиздин сыймыгына айланган спортчубуз, педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Алтынай Мамарасул кызына «ОшМУнун спортчу студенти - 2017», мыкты билим алып, республикалык илимий конференциядарга активдүү катышып, илимий макалаларды жазгандыгы үчүн тарых факультетинин студенти Сүйүнтбеков Баяманга «ОшМУнун илимпоз студенти - 2017», китеп менен достошуп, илимий жана көркөм адабияттарды көп окугандыгы үчүн МИТ факультетинин студенти Байгазиева Каныкейге «ОшМУнун окурман студенти - 2017», студенттик турмушту мыкты макалалар менен университеттин “Нур” газетасында үзгүлтүксүз чагылдыргандыгы үчүн кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Жаныбек кызы Мимозага «Алтын калем - 2017», студенттик поэзия кечелеринде жаштык, сүйүү темаларындагы ырларын окуп, жаш калемгер катары тааныла баштаган кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Молдояров Самаганга «Жылдын акын студенти - 2017», республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүсү болуп, өзүнүн кубулжуган үнү менен айырмаланган орус филологиясы факультетинин студенти Элчибек Жумабек уулуна «Алтын үн - 2017», университетте уюштурулган маданий-массалык иш-чараларды чебер алып барган искусство факультетинин студенти Мамасадык кызы Айканышка «ОшМУнун мыкты алып баруучусу - 2017», студенттик театрдын жаркын таланты, жаш актер, чебер аткаруучу искусство факультетинин студенти Марып уулу Калдарбекке «Жылдын мыкты актеру-2017», студенттик турмушту юмор аркылуу чагылдырган, куйкум сөздүү куудул, актердук чеберчилиги менен айырмаланган медицина факультетинин студенти Кодиров Абубакирге «ОшМУнун шайыр тапкыч студенти - 2017» номинациялары тапшырылды. Ошондой эле “Эң мыкты студенттик тайпа”, “Эң мыкты студент”, “Эң мыкты жаштар комитети”, “Эң мыкты студенттик акыйкатчы”, “Эң мыкты студенттик кеңеш” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө да дипломдор тапшырылды.

Мыктыларды сыйлоо аземинин соңунда студенттер ректор менен эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгүндө “Студенттик шайыр тапкычтар клубунун” финалдык беттеши орун алып, майрам ээлеринин маанайын көтөрдү. Сынакта белгилүү ырчы, куудулдар калыстык жүргүзүштү. Жыйынтыгында ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин "Короли юмора" командасы баш байгени жеңип, университеттин диплому, 20 000 сом акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Ал эми 2-орунга ээ болгон юридика факультетинин командасы 15 миң сомго ээ болушса, бирдей упайга ээ болуп, 3-орунду алган Кыргыз-Кытай факультетинин жана бизнес жана менеджмент факультетинин командарына 15 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле жеңүүчүлөргө демөөрчүлүк көрсөткөн “Семетей” кинотеатры жана ырчы Данияр Эрматов жана Аваз Акимовдордон билеттер тапшырылды.

4960 11:37 18-11-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|