Жанылыктар

Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлү студенттер менен жолугушуу өткөрдү

Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлү Болормаа Амгаабазар 15-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде болуп, университеттин жетекчилиги менен жолугушуп, пикир алышты.

Ошондой эле Болормаа Амгаабазар университеттин окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Расулдун катышуусунда бизнес жана менеджмент жана эл аралык мамилелер, Кыргыз-Европа факультеттеринин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы иш аракеттери, буга чейинки жасалган жумуштар жөнүндө презентация жасап, жакынкы аралыкта кабыл алууга даярдалып жаткан Кыргызстан менен Дүйнөлүк Банктын 5 жылдык стратегиясын талкууга алып, бул багыттага студенттердин ой-пикирлерин угуп, сунуштары менен таанышышты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында ОшМУга келген Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Аурилиен Крузе жана Лилия Саетовалар «Экономиканы кантип көтөрсө болот, жакырчылыкты жоюнун кандай жолдору бар?" деген темада студенттерге кызыктуу тренинг уюштуруп кетишкен болчу.

4087 11:05 16-11-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|