Жыйынга ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү департаментинин директору А.Оморалиев, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Т. Колдошов, башкы бухгалтер Б.Тойчиева, студенттердин ата-энелери, студенттер катышышты.
Сөз сүйлөгөн «И.Матираимов» атындагы кайрымдуулук фондунун директору Руслан Матираимов студенттердин ал-акыбалын сурап, ар бир студентке ден соолук, окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле жакшы билим алып, мыкты адис болуга үндөдү.
Ал эми ОшМУнун ректору Каныбек Исаков минтип Кара-Суу районунан билим алууга дилгирленип келген улан-кыздардын жүрөгүндө үмүт ойготуп, ынтызарланып келген, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштарды моралдык, материалдык жактан колдоп жаткан фондго жалпы жамааттын, студенттердин атынан ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, аталган кайрымдуулук фонду 2012-жылы түзүлгөн. Түзүлгөндөн тартып ар жылы Кара-Суу районунун 17 айыл өкмөтүнөн билим алган, социалдык жактан коргоого муктаж, бирок билимге ынтызар бүтүрүүчүлөрдү комиссиянын чечими менен тандап алып анын окуусу аяктаганга чейин келишимдик акыларын төлөп берип келет. Быйыл төртүнчү ирет төлөнүп берилип жатат. Фонддун негизги максаты келечек муундарга камкордук көрсөтүү, келечекте аларды жумуш менен камсыздандыруу болуп саналат.