Жанылыктар

Профессор Жаанбай Элчиевдин 60 жылдык мааракеси белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 17-октябрь күнү филология илимдеринин доктору, профессор, окумуштуу, тилчи, адистерди даярдоого салым кошуп келе жаткан сүйүктүү устат Жаанбай Элчиевдин 60 жылдык мааракесине арналган илимий-чыгармачылык кече болуп өттү.

Мааракеге Кыргызстандагы бир топ жогорку окуу жайлардын ректорлору, илимпоз-аалымдары, өрнөк алган шакирттери, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышышты. Алгач Улукбек Омокеевдин жетекчилигинде “Жигер” чыгармачылык борборунун таланттары юбилей ээсинин бейнесин чагылдырган сүртүмдөрдү катышуучулардын назарына тартуулашты.

Жыйында сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков маараке ээсин куттуктап, агайдын өмүр жолу, жасаган эмгектери, илимдеги изденүүлөрү, табылгалары, адамдык бейнеси тууралуу баяндап, бир кезде Ж.Элчиевдин студенти болгондугун, ар дайым кеп-кеңешин алып келе жаткандыгын айтты. Ошондой эле чың ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгиликтерди каалап, устат катары келечек муундарды тарбиялоодо талыкпай эмгектенип, илимге кызыккан шакирттерди өстүрө беришин тилек кылды. Маараке ээсине университеттин жамаатынын атынан куттуктоо баракчасын, акчалай сыйлыгын тапшырды.

Иш чаранын жүрүшүндө ф.и.д., профессор, БГУнун мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, кыргыз тили боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы С.И.Ибраимов, ОшМЮИнин ректору Э.С.Токторов, ОГПИнин ректору Б.Зулуев, ф.и.д., профессор, салыштырма тил илими боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы К.З.Зулпукаров жана бир топ окумуштуу-аалымдар, кесиптештери, шакирттери Жаанбай Элчиевдин өрнөктүү өмүрү, чыгармачылык ишмердүүлүгү жөнүндө ойлорду айтып, куттуктоолорун жолдошту.

Белгилей кетсек, ф.и.д., профессор Жаанбай Элчиев кыргыз тил илимин изилдөөгө салымын кошуп келе жаткан окумуштуу катары 2 окуу-усулдук колдонмону, 2 илимий монографияны, 30дан ашуун илимий макалаларды жазып, тил илимин изилдөөнү максат кылган аспирант, изденүүчүлөргө жетекчилик кылып, жол көрсөтүп, илим тармагында талыкпай эмгектенүүдө. Учурда Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде кыргыз тил илими кафедрасын жетектеп келет.

4674 13:44 17-10-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|