Жанылыктар

Гуманитардык-педагогикалык колледжде ата-энелердин катышуусунда жыйын уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде жаңы окуу жылынан өз ишин баштаган гуманитардык-педагогикалык колледжинде ата-энелердин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Студенттердин ата-энелери балдары билим алып жаткан шарттар менен жеринде таанышып чыгышты. Жыйындын жүрүшүндө ата-энелерге билим берүү программалары, балдардын адеп-ахлагы, жүрүм-туруму, коопсуздук маселелери, келечек максаттары боюнча маалыматтар берилип, сунуш-пикирлер талкууланды. Ата-энелер колледждин жамаатына ыраазычылыктарын билдиришип, дайыма тыгыз кызматташтыкта иштеше тургандыктарын белгилешти.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алибаев, обончу, аткаруучу Бабаравшан Турганбаевдер да катышып сөз сүйлөп, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле “Гүлдөр сырын ачышат” деген аталыштагы гүл майрамы, концерттик программалар уюштурулду.

Белгилей кетсек, учурда гуманитардык-педагогикалык колледжде 9-11-класстын базасында башталгыч класстын мугалими, мектепке чейинки билим берүү,социалдык иштер адистиктеринде 1500дөн ашуун студенттер билим алышууда.

3625 14:24 04-10-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|