Жанылыктар

ОшМУда Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын 28 жылдыгына жана 23-сентябрь-Мамлекеттик тил майрамына карата үч айлык жарыяланып, учурда университеттин бардык факультет, колледждеринде мамлекеттик тилди даңазалоого багытталган иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча проректор Ташболот Жороев маалымдады.

14-сентябрь күнү эл аралык мамилелер факультетинде окутуучу Н. Темированын уюштуруусунда иш чара өткөрүлдү. Анда студенттер “Манас” эпосунан үзүндү айтышып, кыргыз тилин даңазалаган ырлардан көркөм окуп, обондуу ырларды, сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук буюмдарынан көргөзмө тартуулашты.

Үч айлыктын алкагындагы түрдүү багыттагы иш чаралар университеттин бардык факультет, колледждеринде уланууда.

Үч айлыктын жобосуна ылайык бардык факультет, колледждерде болуп өткөн иш-чаралардан тандалып алынган мыкты сахналык көрүнүш, көркөм окуу, мыкты обондуу ыр, музыкалык аспапта мыкты ойногон аткаруучу, мыкты дубал гезит, мыкты улуттук бийлер 21-сентябрь күнү университеттин башкы имаратында өтүүчү салтанатта көрүүчүлөргө тартууланат.

5298 14:32 18-09-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|