Жанылыктар

Ректорат жамааты факультеттерде окутуучулар, студенттер менен жеринде жолугушууларды өткөрүүдө

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков ректорат жамааты менен биргеликте жаны окуу жылынын башталышында Кыргыз-Кытай факультетинин жана Искусство факультетинин жамааты, студенттери менен жолугуп, пикир алышты.

Алгач Кыргыз-Кытай факультетинин окуу имаратынын жана жатаканасынын алдында өткөн жолугушууда университет жетекчиси студенттерди жаңы окуу жылы менен куттуктады. Ошондой эле факультеттин жамааты үчүн курулуп, колдонууга берилген окуу имаратын жоопкерчилик менен пайдаланууга чакырды. Аталган факультетке жакынкы күндөрү Кытай Эл Республикасынан баалуу окуу китептери алынып келингендигин, материалдык-техникалык базалар түзүлүп, окутуучулардын сапаттуу билим берүүсүнө, студенттердин татыктуу билим алуусуна бардык шарттар жаралгандыгын белгиледи.

Ушул эле күнү искусство факультетинин жамааты менен курулуш иши жүрүп жаткан факультеттин окуу имаратынын алдында жолукту. Жамаат студенттер менен биргеликте курулуш иши ортолоп калган окуу имараты менен таанышышты. Окуу жай жетекчиси 5 кабаттуу имараттын сырткы бөлүгүнө кыргыздын комузунун силуэти түшүрүлүп, комуздан кыргыздын күүлөрү жаңырып, кечкисин жарыктандырылат жана анын жанына музыкалык ачкыч орун алып, айланасы кооз аллеяга айланарын белгиледи. Ошондой эле окуу имаратында эки чоң дизайнер, стилисттердин жана сүрөт искусствосундагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн, мугалимдердин, студенттердин эмгектери орун алган галерея болорун, ал эми жер төлөсүндө тигүү цехтери жайгашарын айтты. Окуу имарат адистиктерге ыңгайлашкан, заманбап талаптарга негизделген окуу кааналары, концерттик залдар менен толукталарын кошумчалады.

Жолугушууда факультеттин жамааты түзүлүп жаткан шарттарга ыраазычылыктарын билдиришип, курулуш иш жүрүп жаткан имараттын ак жолтой болуусун тилек кылышты.

Белгилей кетсек, ОшМУнун искусство факультетинин окуу имаратынын пайдубалына ушул жылдын 21-июлунда капсула салынган, окуу имараты 2018-жылы пайдаланууга берилет.

4993 10:02 18-09-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|