Жанылыктар

ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунда жаңы курулуштарга капсула салынды

Ош мамлекеттик университетинин Арашан гуманитардык институтунун кампусунда жаңы спорттук комплекстин жана окутуучулар үчүн мейманкана тибиндеги батирлердин курулушуна капсула салынды.

Бул курулушка ОшМУ менен өз ара мазмундуу кызматташтык жүргүзүп келе жаткан ТИКА уюму (Түрк кызматташтык жана координация агенттиги) демөөрчүлүк көрсөтүүдө.

Билим инфраструктурасын жакшыртуу, билим сапатын көтөрүүгө багытталган курулуштарды ушул жылдын ноябрь айынын аягына бүткөрүү пландалган.

6472 10:13 15-08-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|