Жанылыктар

ОшМУнун Конфуций институтунун базасында илимий борборлорду ачуу маселелери талкууланды

КЭРдин Синьцзян педагогикалык университетинин партиялык катчысы жана педагогикалык кеңештин жетекчиси Ву Вень Ву, Синьцзян педагогикалык университетинин эл аралык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Хы Фын, аталган университеттин «Манас» изилдөө борборунун жетекчиси Мамбеттурду Мамбетакун 11-июль күнү Ош мамлекеттик университетинде болуп, ректор Каныбек Исаков менен жолугушуп, өз ара кызматташтыктар боюнча пикир алышты.

Аталган жолугушууда Синьцзян педагогикалык университетинин партиялык катчысы Ву Вень Ву ОшМУнун Конфуций институтунун Конфуций институттарынын ичинде орду өзгөчө экендигин белгилеп, институттун окуу имаратынын жана жатаканасынын курулушунда ОшМУнун жетекчилигинин идеялары, эмгеги зор экендигин билдирди. Ошондой эле факультеттин мындан ары да өсүп-өнүгүшүнө Ханьбань фонду менен биргеликте аракеттер жасала тургандыктарын кошумчалады.

Жолугушуунун алкагында ОшМУнун Конфуций институтун Борбордук Азияда илимий борборго айландыруу пландары айтылды жана институттун базасында «Манас» эпосун, Улуу Жибек Жолундагы бир топ багыттар боюнча маселелерди изилдеген борборлорду түзүү маселелери талкууланды.

Синьцзян педагогикалык университетинен келген делегация Конфуций институтунун жаңы окуу имараты, жатаканасынын шарттары менен жакындан таанышышты.

4839 14:27 13-07-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|