Жанылыктар

Жаш окумуштуулар мектебинин 3 күндүк тренинг-семинары өткөрүлдү

2017-жылдын 18-20-майында ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан ОшМУнун "Ак-Буура" эс алуу аймагында аспиранттар, изденүүчүлөр жана илимге талапкерлер үчүн Жаш окумуштуулар мектебинин “Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы” деген темадагы 3 күндүк тренинг-семинары өткөрүлдү. Семинарда илимий иштер боюнча проректор, профессор И.Г. Кенжаев, илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева, э.и.д., профессор Ч.Р. Кулуева, ф.-м.и.к., доцент Т.М. Папиева, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, доцент С.М. Амиралиевдер тарабынан “Илимий-изилдөө иш-аракеттерин уюштуруунун негизги эреже-талаптары”, “Илимий тезисти, макаланы даярдоо жана басылмаларга жарыкка чыгаруу”, «“РИНЦ”, “Web of Science” системаларына катталуу жана макалаларды жарыкка чыгаруу», “Диссертация жазуу жана аны коргоого сунуштоо”, “Эл аралык программалар менен иштөө”, “Долбоорлорду иштеп чыгуу, грант алуу үчүн буюртмаларды даярдоо”деген темалардагы баяндамалар жасалып, тренингдер өткөрүлдү. Семинарга университеттин 50 дөн ашуун аспиранттары, окутуучулары жана магистранттары катышышты жана сетификаттарга ээ болушту. Мындай иш-чара илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет жана анын натыйжалуулугун белгилөөгө болот.
3771 10:26 25-05-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|