Жанылыктар

“Web of sсience” системасы боюнча семинар өткөрүлдү

27-апрелде “Web of sсience” системасына катталуу жана анын илимий басылмаларына макалаларды жарыкка чыгаруу ж.б. маселелерге арналган семинар өткөрүлдү.

Бул иш-чарада Билим берүү жана илим министрлигинин Илим департаментинин директорунун орун басары Чонтоев Догдурбек Токтосартович, “Glarivate Analytics” компаниясыныны эксперти Мукашева Лязиза баяндамаларды жасашты жана суроолорго жооп беришти. Семинарга университеттин профессордук-окутуучулук курамы, аспиранттар жана магистранттар катышышты.

Учурда Илим, аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан “Web of sсience” системасына катталуу жана анын илимий басылмаларына макалаларды жарыкка чыгаруу маселелерине арналган семинарлардын циклин өткөрүү пландаштыруулуда.

4062 09:32 29-04-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|