Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесинесине арналган кечелер уланууда

Белгилүү дастанчы, ырчы, обончу, акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти, ОшМУнун профессору Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесине арналган иш чаралар уланууда. Бүгүн, 20-апрель күнү Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин төгөрөк залында Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгына арналган жолугушуу кечеси уюштурулду.

Жолугушууга университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, чыгармаларын сүйүп уккан күйөрмандары, поэзия ышкыбоздору, үй-бүлөсү катышышты.

Жолугушуу кечесинде алгач Жолболду Алибаев агайдын чыгармачылык бейнесине арналган видео-баян көрсөтүлдү. ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы Н.Турганбаев, ф-м.и.д., профессор Б.Арапов, п.и.д, профессор С.Момуналиев, журналист С.Абдырахманов, музыкалык тарбиялоонун усулу жана хорду дирижерлөө кафедрасынын башчысы Б.Иметов, т.и.к., этнограф, адабиятчы А.Мырзакметов жана бир топ чыгармачылыгын баалап келген инсандар каалоо тилектерин айтышып агайдын адамдык бейнеси, акындык, обончулук, аткаруучулук чеберчилиги жөнүндө сөз кылышты. Ошондой эле факультеттин таланттуу студенттери Жолболду Алибаевдин калеминен жаралган “Эне тилим”, “Апама”, “Уулума”, “Туулган жерге” деген сыяктуу бир топ ырларын көркөм окушту.

Кеченин жүрүшүндө маараке ээси Жолболду Алибаев калың журттун жүрөгүнөн түнөк тапкан “Туулган жерге”, “Дилбарай”, “Карамат” жана башка бир топ чыгармаларын аккардеондун жана комуздун коштоосунда тартуулады.

Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгына арналган кечелер жыл бою уланат. 21-апрелде искусство факультетинде “Жолболду Алибаев сүрөтчүлөрдүн көзү менен” деген аталыштагы чыгармачылык протретине арналган сүрөт көргөзмө тартууланат, ошондой эле университеттин бардык факультет, колледждеринде чыгармачылык кечелери, тегерек стол, жолугушуулар, концерттертер тартууланууда. 19-май күнү республикалык деңгээлде мааракелик иш чаранын болуусу да пландаштырылган.

Жолболду Алибаев дастанчы, термечи катары Барпы Алыкуловдун сөзүнө жазылган «Өзгөчөм», «Мырзайым», өзүнүн сөзүнө жазылган «Чолпонум» ашыктык дастандарын аткарып келет. Ал ыр, санат, дастан, термелерден турган үч жыйнактын, 200дөн ашуун обондордун автору.

6173 16:14 20-04-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|