Жанылыктар

ОшМУнун базасында “Кансыз согуш” деген аталыштагы көргөзмө тартууланууда

Ош мамлекеттик университетинде 10-21-апрель күндөрү көрүүчүлөргө тартуулануучу “Кансыз согуш” («Холодная война») тарыхы, себептери, тийгизген таасирлери боюнча көргөзмөнүн ачылуу аземи болуп өттү. Аталган көргөзмө университеттин фоэсинде жайгашкан.

Салтанатка Германия Элчилигинин 2-секретары, көргөзмөнүн автору жана демилгечиси Вольфранг Ханс Эммингер, Россия, Казакстан мамлекеттеринин Ош шаарындагы консулдары, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, тарых факультетинин жамааты, Ош шаарындагы мектептердин тарых предметинин мугалимдери, студенттер, окуучулар катышышты.

Көргөзмөдөн соң иш чара ОшМУнун жыйындар залында уюштурулуп, анда көргөзмөнүн автору жана демилгечиси Вольфранг Ханс Эммингер, ОшМУнун тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент Сыдык Смадияровдор баяндама жасашты. Катышуучулар тарабынан суроолор берилип, кызыктуу талкуу менен коштолду.

Белгилей кетсек, аталган көркөзмө 10-21-апрель күндөрү Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында көрүүчүлөргө тартууланат. Көргөзмөдө «Кансыз согуш» темасындагы документтердин көчүрмөлөрү, фотолор, карикатуралар камтылган.

3890 09:25 11-04-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|