Жанылыктар

ОшМУда "Евразиялык интеграция процессиндеги аймактык коопсуздук" аттуу тегерек стол уюштурулду

Ош мамлекеттик университети, «ЕА-Медиа» коомдук фонду, Internews тарабынан уюштурулган "Евразиялык интеграция процессиндеги аймактык коопсуздук" аттуу тегерек стол ОшМУнун базасында уюштурулду.

Тегерек столдо Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетинин профессору Светлана Кожирова, саясий илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доцент Абазбек уулу Расул, т.и.к., доцент Жумали Адилбаев, с.и.к., доцент Тимур Козукулов, теологиянын PhD доктору Зайлабидин Ажимаматов, с.и.к., доцент Сайкал Ибраимова, т.и.к., доцент Жолдошбек Ботоноев, скайп боюнча ИАЦ «Евразия-Поволжье» директору, т.и.к. Марина Лапенко, Россиянын эл достугу университетинин докторанты Вахшитех Ахмад, «Евразиялык аналитикалык клубдун» директору, эксперт Никита Мендковичтер Евразиялык интеграция процессиндеги аймактык коопсуздук, коопсуздук маселелеринин алдын алуу, алардын аймактарга тийгизген таасири тууралуу докладдары менен чыгышып, ой бөлүштү.

«Талкуунун жүрүшүндө евразиялык интеграциянын негизин түзгөн Евразиялык экономикалык биримдик, Казакстан Республикасынын мисалында Орто Азиядагы диний экстремизмдин алдын алуу боюнча заманбап аспектилер, Орто Азиядагы суу проблемасы, фергана өрөөнүндөгү чек ара маселери, коопсуздук маселелери боюнча маалыматтар айтылып, талкуулар жүрүп, суроо-жооптор менен коштолду», -деди ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов.

Тегерек столго активдүү катышып, ой пикирлери менен бөлүшкөн ОшМУнун окумуштууларына, студенттерине уюштуруучулар ыраазычылыгын билдиришти.

3779 16:56 28-03-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|