Университеттин ар бир факультет, колледж, лицейлеринде, мектепке чейинки билим берүү мекемесинде, бардык жатаканаларында нооруз майрамы өзгөчө шаң, кубаныч менен тосуп алынды.
ОшМУнун чоң жамаатынын ар бир структураларында жазгы ишмебиликтер өткөрүлдү. Андан сон бардык жамаатарда нооруздун улуу даамы болгон сүмөлөк кайнатылып, боз үй тигилип, жакшы тилектер айтылып, улуттук тамак-аштардын, улуттук ыр, бий өнөрлөрүнүн, кадаа-салт, үрп-адаттар камтылган сынактар, фестивалдар уюштурулуп, улуттук спорттук мелдештер орун алды.
Эң негизгиси жаңылануунун, берекенин, сабырдуулуктун, мээримдүүлүктүн майрамын жалпы жамат жакшы тилек, үмүттөр менен тосуп алышты.