Жанылыктар

ОшМУ КЭРдин жана Борбордук Азиянын 60тан ашуун университеттеринин ортосунда түзүлгөн Альянска кирди

27-сентябрь күнү КЭРдагы Синьцзян мамлекеттик университетинде Кытай Эл Республикасынын университеттери менен Борбордук Азия университеттеринин ортосунда альянс түзүлдү. Жыйынга КЭРдин 40 ашуун университеттери, Борбордук Азиянын 28 университети катышып, бирдиктүү бир альянска кирүү боюнча жыйын болуп өттү.

Альянстын негизги максаты университеттер аралык ар тараптуу байланыштарды бекемдөө, студенттердин жана магистранттардын академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу, окутуучу, илимпоздор менен өз ара алмашуу, стажировкаларды уюштуруу, биргелешкен конференцияларды өткөрүү, эл аралык илимий болдоорлорду биргеликте ишке ашыруу, бири- биринин кредит сааттарын, дипломдорун жана сертификаттарын таануу болуп саналат. Алянска кирген университеттер ортосунда айрым адистиктер боюнча окуу программаларын жакындатып, кош диплом берүү жөнүндө маселеле да келишимде камтылган.

Жыйынга катышкан Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жана Синьцзян Уйгур автономиялуу районунун өкүлдөрүнүн алдында жалпы келген университеттердин ректорлорунун атынан сөз сүйлөп, Кытай Эл Республкасынын университеттери менен Борбордук Азия университеттеринин ортосунда түзүлгөн альянстын маани-маңызына токтолуп, анын учурдагы актуалдуулугун белгилеп, биргелешкен бир билим берүү мейкиндиги түзүү келечекте өз жемишин берээрин айтып өттү. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин эл аралык билим берүү стратегиясы боюнча презентация жасады.

Жыйындын соңунда 60тан ашуун университеттердин ректорлору бирдиктүү билим берүү боюнча Альянска кирүү тууралуу келишимдерге кол коюшту.

10141 09:12 28-09-2016

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|