Жанылыктар

Каракалпакстан мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын доценти Малика Джумамуратова ОшМУда конок лектор болду

Каракалпакстан мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкагында 14-майда Каракалпакстан мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын доценти, ф.и.к. Малика Джумамуратова ОшМУга конок лектор караты келди.

Алгач Кыргыз филология жана журналистика, Кыргыз-Түрк факультеттеринин декандары жана журналистика кафедрасынын жамааты менен жолугушуп, кызматташуу багытында пикир алышышты.

Ошондой эле факультеттердин жамааты жана журналистика бөлүмүнүн окутуучуларына, студенттерине "Каракалпакстан журналистикасынын өнүгүү тенденциясы" деген темада лекциясын окуду.

Конок лекцияга студенттер жана мугалимдер жамаатынан сырткары ЖАМУнун филология факультетинен академиялык мобилдүүлүккө келген окутуучулар Гулбайра Ашимбаева, Гүлүмкан Кочкоровалар жана буга чейин журналилистика кафедрасы тарабынан мектеп окуучулары үчүн уюштурулган “Болочок журналисттер” форумунун катышуучулары конок катары катышышты.

Белгилей кетсек, буга чейин 22-26 –апрель күндөрү Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын окутуучулары Өзбекстан Республикасынын Бердах атындагы Каракалпакстан мамлекеттик университети тарабынан “Глобалдашуу процессинде массалык-маалымат каражаттарынын ролу” деген темадагы илимий-практикалык конференцияга барып катышып келишкен.

2772 05:05 15-05-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|