Жанылыктар

Ички мобилдүүлүктөн өтүп жаткан студенттерге “ОшМУга саякат” экскурсиясы уюштурулду

Ош декларациясы жана эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдердин негизинде ички мобилдүүлүк боюнча Кыргыз улуттук университетинен, Эл аралык Кувейт университетинен, Кыргыз экономикалык университетинен, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинен, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Баткен мамлекеттик университеттеринен жана Нарын медициналык колледжинен келип бир семестр окуп жаткан 52 студентке “Ош МУга саякат” аттуу экскурсия уюштурулду.

Студенттер ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган саякатта университеттин Кыргыз-Европа, Математика жана информациялык технологиялар, Дүйнөлүк тилдер жана маданият, Бизнес жана менеджмент, Стоматологиялык клиника, Кыргыз-Кытай факультети, Искусство жана Эл аралык мамилелер факультети, Медицина жана Эл аралык медицина факультеттери жана медициналык клиника, Теология, Табият таануу жана география, Орус филологиясы, Кыргыз филологиясы жана журналистика, Педагогика жана дене тарбия, Тарых, Юридика факультеттеринде болушушту. Саякаттын алкагында университеттин бардык структураларында студенттердин терен жана сапаттуу билим алуусуна, өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышышты.

2991 04:27 15-05-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|