Жанылыктар

ОшМУнун кызматкерлеринин кошумча окууга болгон муктаждыктарын аныктоо үчүн сурамжылоо уюштурулду

Сурамжылоону уюштуруудагы негизги максат университет кызматкерлеринин тиешелүү багыттар боюнча окууга болгон муктаждыктарын аныктоо жана сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат. Аталган сурамжылоо февраль, март, апрель айларында жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган. Ага катышкан респонденттердин саны: 94 адам, анын ичинен: аялдар – 53, эркектер – 41; жетекчилер – 21, кызматкерлер – 73.

Жыйынтыгында респонденттер дистанттык технология инструменттерин колдонуу ыкмаларын үйрөнүү боюнча реалдуу суроо-талаптар бар экендигин, жалпы маселелердин арасынан документтер менен иштөө суроосу көбүрөөк коюлду, бул нерсе бир гана дистанттык технологияларга эмес, балким жалпы окуу жана уюштуруу процессине таандык. Ушул нерсенин айынан персонал өзүнүн үстүнөн иштөө үчүн убакыт жеткиликтүү болбой жатканын респонденттер белгилеп өтүштү. Ошондой эле маалымат-технологиялык багытында да кошумча өнүктүрүү жана жакшыртуу иштерини болуусун белгилешкен. Эми бул багытта тиешелүү жумуштар алып барылат.

Сурамжылоо боюнча толук маалымат төмөнкү шилтемеде:

2635 09:42 14-05-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|