Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин доценти, т.и.к. Самара Осмонова 2-майда Индонезия өлкөсүндө эл аралык конференцияга катышып келди.
Эл аралык конференцияда доцент Самара Осмонова "Всемирный памятник ЮНЕСКО гора "Сулайман Тоо" - экономическая и культурная составляющая" деген темада баяндама жасады.
Илимий иш сапардын алкагында эл аралык конференция катышып жаткан илимпоздор менен пикир алышып, илимий багыттагы кызматташтыктар боюнча сүйлөшүүдөрдү жүргүзүп кайтты. Ошондой эле Индонезия өлкөсүнүн тарыхый жайлары менен таанышты.