Жанылыктар

“Билим” лицейинин бүтүрүүчүсү “Алтын” сертификатка ээ болду

Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейинин бүтүрүүчүсү Амиракулов Акназар жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 219 упай топтоп, “Алтын” сертификатка ээ болду. 2017-2018-окуу жылында ОшМУнун “Билим” лицейинин 19 бүтүрүүчүсү 150дөн жогору упай топтосо, алардын ичинен 5 окуучу 200дөн жогору, 4 окуучу 190дон жогору, 5 окуучу 180ден жогору упай алышкан. Ушул жылдын 18-июнь күнү Ош мамлекеттик университетинде атайын жыйын уюштурулуп, ага жогору упай топтогон окуучулар, аларга билим берген мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери катышышты. Салтанаттуу жыйында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков сөз сүйлөп жогору упай топтогон окуучуларды жана лицейдин жамаатын ийгиликтери менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө кең келечек каалады. Жыйынга катышкан “Алтын” сертификаттын ээси Акназар Амиракуловдун чоң атасы Амиракул Мааданбеков университеттин жалпы жамаатына, окутуучуларга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле өзү да Ош мамлекеттик педагогикалык институтунан (азыркы ОшМУдан) билим алгандыгын, уулдары да ушул куттуу окуу жайда окуп, мыкты адис болгондуктарын айтып, буйруса небереси Акназар да ОшМУдан билим алат деген ишенимде экендигин кошумчалады. ОшМУнун ректору Каныбек Исаков «Билим» лицейинен билим алып, 2017-2018-окуу жылындагы ЖРТдан негизги тест боюнча 219 упай топтоп республикадагы мыкты бүтүрүүчүнүн катарына кирген “Алтын” сертификаттын ээси Акназар Амиракуловго, 217 упай топтогон Эрлан Жээнбековго, 206 упай алган Айкөкүл Акбаралиевага, 204 упай алган Бегимай Чырмашовага, 201 упай алган Чынгыз кызы Нуризага, 199 упай алган Акжол Мамановго, 192 упай топтогон Нурбол Абдиманаповго, 191 упай топтогон Мээрим Ирисмаматовага, 190 упай алган Нурсултан Лукмановго, 189 упай алган Маметтурсун Маметназаровго, 184 упай алган Айтмамат уулу Дастанга, 182 упай алган Ажибек Ысмаиловго, 181 упай алган Айгүл Төлөбаевага, 180 упай алган Айбол Алмазовго, 203 упай алган ОшМУнун «Ыйман» гимназиясынын бүтүрүүчүсү Арстанбек уулу Айдарбекке сертификаттарды тапшырды. Ал эми мыкты билим, тарбия алып, ЖРТдан жогорку упай алган окуучулардын ата-энелерине университеттин ыраазычылык баракчалары берилди. Жакынкы күндөрү окуучуларга билим берген предметтик мугалимдерге университеттин акчалай сыйлыктары ыйгарылат. Белгилей кетсек, 2017-2018-окуу жылында Кыргызстан боюнча 45107 бүтүрүүчү ЖРТга катышып, анын жыйынтыгы боюнча 59 бүтүрүүчү эң жогорку баллдарды алып, “Алтын” сертификаттын ээси болушкан. Алардын үчөө Ош шаарынан. “Себат” лицейинин окуучусу – 221 упай, ОшМУнун “Билим” лицейи – 219 упай, М. Ломоносов мектеби – 219 упай.
2770 09:10 22-06-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|