Жанылыктар

Жатаканадагы сүмөлөк

Ош мамлекеттик университетинин бардык студенттик жатаканаларында Нооруз майрамына арналган майрамдык кечелер уюштурулду. Майрамдын негизги белгиси болгон сүмөлөк кайнатылып, күрөш, аркан тартыш, кол күрөш, тогуз коргоол сыяктуу оюндар өткөрүлүп, үлгүлүү жашап, коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышып, спорттук оюндарда жеңишке жетишкен студенттерге диплом баалуу белектер ыйгарылды. Иш-чараларга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Түмөнбай Колдошов, факультеттин декандары, тарбия иштери боюнча орун басарлары, окутуучулар, студенттер катышты. Мындай иш-чаралар ОшМУнун ректораты жана профсоюз уюму тарабынан колдоого алынып, салтка айланып жыл сайын уюштурулуп келет.
1649 10:01 04-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|